• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлоруна окуу семинар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Нарын облусунда жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлоруна окуу семинар болуп өттү. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова, ИИМдин Академиясынын Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын окутуучусу Азамат Абдрахманов, "Мобилдик унааларды колдоо" коомдук бирикмелеринин ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция кеңешчиси Константин Бедаревдар катышты.

Иш-чарага улай Нарын ОИИБнин жашы жете этектердин иштери боюнча инспекциясынын өздүк курамына инспекторлор жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруу, жашы жете электердин арасында жол коопсуздугун камсыз кылуу, окуу жайларда жашы жете электер арасында жардыруучу заттар, ок атуучу куралдар менен кол салуулардын алдын алуу боюнча методикалык жардамдар, нускамалар берилди.

Ошондой эле ички органдардын кызматкерлеринин кызматтык этикасы менен кантип сылыктык көрсөтүү, кесиптик ишмердүүлүктө токтоолук сыяктуу маанилүү маселелерге токтолуп кетишти.

Иш-чаранын жүрүшүндө бардык катышуучуларга сабактардан сырткары кызмат учурда зарыл болгон маалыматтар камтылган колдонмолор таркатылды.

Семинардын аягында катышкан кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий