• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында жер алдынан чыккан суулар тоңуп, үй, жол жана көпүрөнү каптоо коркунучу жаралды

Аймак 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Нарын районунун Кара-Кужур айыл аймагынын Жер-Көчкү айылынын түндүк тарабындагы тоо этегиндеги жер алдынан чыккан суулар тоңуп калган. Натыйжада 3 турак үйдү, ички жолдорду жана көпүрөнү каптап кетүү коркунучу жаралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, суу каптоо коркунучунун алдын алуу максатында ыкчам топ жана жергиликтүү тургундардан 17 адам тартылган.

"КР ӨКМнин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан берилген 100 даана жана айыл аймагы тарабынан берилген 200 даана каптарга кум топурактар салынып, суунун нугун буруу иштери жүргүзүлгөн. 27-февраль күнү жумуш улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий