• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында жер көчкү жүрүп, унаа жолдун 100 метр аралыгы жабылып калган

Аймак 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Нарындын Миң-Куш айылында жер көчкү катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-августтан 1-сентябрга караган түнү жааган жамгырдан улам кыртыштын нымдалуусунун кесепетинен таңкы саат 04:00дөр чамасында Миң-Куш, Ыраакы Миң-Куш унаа жолунун 3-4 чакырымында жер көчкүсү жүргөн.

Натыйжада унаа жолдун түзүлүшү кыйроого учурап, жол каттамы жабылып калган. Түзүлгөн жагдайды жеринде баалоо үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иш жүргүзүүдө.

Унаа жолдун 100 метр аралыгы тосулуп, 2500 куб метр кум шагыл түшүп калган.

Жол каттамы бир тараптуу ачылды.

Пикир

Оставить комментарий