• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, 6 адам жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жаракат алышты. бюул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-июлда саат 22:48 чамасында Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө Хутор-Ак-Талаа айылынын жашоочусунун үйүн адамдар келип курал менен аткылап жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, айыл тургуну К.Б.нын үйүнө Хутор-Ак-Талаа айылынын болжол менен 30-40ка жашоочусу чогулуп келип, эшик-терезесин талкалап, “Субару-Аутбек” үлгүсүндөгү унаасын өрттөп жаткан учурда үй ээси үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган.

Натыйжада аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген. Анын ичинен абалы оор 3 адамга операция жасалып, калгандарына биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Териштирүүдө жаңжал жер талаштан улам чыкканы белгилүү болгон. Эки тарап бири-бирин күнөөлөп арыз жазышкан.

Азыркы учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяга тиешеси бар шектүү адамдарды аныктоо жана окуянын келип чыгуу себебин тактоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Нарын облустук милициясы аталган айылда коомдук тартипти сактоо багытында иш-чараларды жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий