• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында жер титирөө катталды

Коом 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 23-апрель күнү саат 14:37де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Нарын районунун Достук айылында 3 балл, Куланак, Жан-Булак айылдарында 2,5 балл, Ылайлы-Суу, Шоро айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий