• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Нарында жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 11-сентябрда болжол менен саат 13:18дер чамасында болгон.

Жер титирөө Нарын районунун Арчалы жана Узун-Булак айылдарында 3 баллга, Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий