• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарында жетекчилик кызматтагы үч адам аттестациядан өтпөй калды

Аймак 0

Бишкек, 13.03.21. /Кабар/. Нарында жетекчилик кызматтагы үч адам аттестациядан өтпөй калды, - деп билдирет Мамлекетик каттоо кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо иши аяктады. Республикалык аттестациялоо комиссиясы 12-мартта аттестациялоону жыйынтыктады.

Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 15 талапкерден 1 талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген жок.

Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

1. 3 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, кызмат боюнча көтөрүлүүгө сунуш кылынат:

2. 9 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет:

3. 3 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту.

Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча өкмөткө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет. Кийинки аттестациялоо бекитилген графикке ылайык, башка облустарда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий