• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында жол кырсыгы катталып, үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Нарында жол кырсыгы катталып, үч адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын районунун Учкун айылында "Хонда Одиссей" унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1980-жылы туулган А.Н. аттуу эркек киши, 1985-жылы туулган К.Н. аттуу аял жана 2014-жылы туулган А.А. аттуу кыз жабыркаган.

Кырсык катталган жерге 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий