• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 3 жаран жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Нарында жол кырсыгынан бир адам каза болуп, үчөө жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-майда Кочкор районунун Өрүктам – Сары-Булак унаа жолунун 12-чакырымында Volkswagen Passat B3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып, Кара-Кужур суусуна түшүп кеткен.

Жерине Кочкор райондук №42 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек 1982-жылы туулган Т.З, 1966-жылы туулган Т.М жана 1967-жылы туулган А.А аттуу жарандар жеңил жаракат алып, 1964-жылы туулган эркек Т.Т. каза болгон.

Куткаруучулар каза болгон адамды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдардын абалы канаттандыраарлык.

Пикир

Оставить комментарий