• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында жол кырсыгынан бир адам каза болуп, өспүрүм жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 235-чакырымында (Кочкор айылы) Toyota-Camry үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен бир эркек киши (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 17 жаштагы С. уулу Б. аттуу өспүрүм жабыркады.

Белгиленгендей,жерине төрт куткаруучу тартылып, алар жеткенде жабыркаган жаранды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий