• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында жол кырсыгынан жөө жүргүнчү каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 16.04.18. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда кечээ, 15-апрелде саат 19:57 чамасында жол кырсыгы катталган,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кочкор-Кум-Дөбө ички чарбалык унаа жолунун 15-чакырымында "Ауди-100 С4" үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу жолдо бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан кийин бакты сүзүп жаракат алган.

Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү жеринде каза болгон. Ал эми айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

“КР ӨКМнин №42-өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон жөө жүргүнчүнүн жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий