• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында жугуштуу оорулар үчүн оорукананын курулуш иши жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 09.09.20./Кабар/. Нарында жугуштуу оорулар үчүн мамлекет тарабынан курулуп жаткан 70 орундуу бейтапкананын курулуш иши улантылууда.

Республикалык штабдын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө жумуштун 30 пайызы бүткөрүлдү. Тактап айтканда, пайдубалы толугу менен түптөлүп, казылган аянттар кайрадан толтурулуп, дубалынын түркүктөрү орнотулду.

Курулуш иши мамлекет тарабынан каржыланып, "Мерибелл Текстиль Иншаат" курулуш компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Курулушта 50 жумушчу иштеп жатат. Жергиликтүү бийлик тарабынан бардык маселелер боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүп, атайын жумушчу топ жана көзөмөлдөөчү органдар иш алып барууда.

"Жакын арада узуну 73, туурасы 28 метрди түзгөн 1 кабаттуу имарат Нарындын аба ырайын, климаттык шартын эске алуу менен жеңил конструкцияда курулмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Кыргыз Республикасынын президентинин тапшырмасына ылайык, өлкөнүн бардык дубандарында жугуштуу оорулар үчүн ооруканаларды куруу, эскилерин капиталдык ремонттон өткөрүү аракеттери жүрүп жатат.

Нарын шаарында капиталдык ремонттон өткөрүүгө ылайыктуу имарат болбогондуктан республикалык штабдын чечими менен жаңы имаратты куруу иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий