• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарында жугуштуу ооруларды дарылай турган 70 орундуу бейтапкана курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Нарында мамлекет тарабынан жугуштуу ооруларды дарылай турган 70 орундуу бейтапкана курула баштады. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн бардык дубандарында жугуштуу оорулар үчүн ооруканаларды куруу, эскилерин капиталдык ремонттон өткөрүү иштери жүрүп жатат.

Нарын шаарында капиталдык ремонттон өткөрүүгө ылайыктуу имарат болбогондуктан республикалык штабдын чечими менен жаңы имарат курулмакчы.

Имарат куруу үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагынан жер аянты бөлүнүп, курулуштун алгачкы жумуштары башталды.

Курулуш иши мамлекет тарабынан каржыланат. Узундугу 73, туурасы 28 метрди түзгөн 1 кабаттуу имарат Нарындын аба ырайын, климаттык шартын эске алуу менен жеңил конструкцияда курулары пландалууда.

70 орундуу оорукананын 20сы реанимациялык орунга ылайыкталат. Заманбап үлгүдөгү бокс палаталар салынып, дарыгерлер менен бейтаптардын ортосунда байланыш аз боло тургандай ыңгайлуу шарт түзүлмөкчү.

Талап боюнча оорукана бир айдын ичинде курулуп бүтөрү күтүлүүдө. Жумушчулар 2 нөөмөт менен күнү-түнү иштешет. Жергиликтүү бийлик тарабынан бардык маселелер боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүп, атайын жумушчу топ жана көзөмөлдөөчү органдар иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий