• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында жыл башынан бери 6 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган

Аймак 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте тегерек стол өткөрүштү.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан район аймагында катталып жаткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары боюнча кененирээк токтолуп, талдоолор жүргүзүлдү.

Ошондой эле жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктарды болтурбоо, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте ички жана тышкы миграциянын таасирлери тууралуу суроо-жооптор болуп, мигрант жарандардын балдары менен тыгыз иш алып баруу жагы каралды.

Мындан тышкары, калк арасында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытында Нарын РИИБү тарабынан иш-чаралар, жолугушуулар уюштурулуп, тынымсыз профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 3 айында Нарын РИИБнө жалпы 6 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары катталып, тийиштүү чаралар кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий