• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарындагы 25 бүтүрүүчү Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына акысыз окутулат. Шарттары

Аймак 0

Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Нарын облусундагы ар бир райондон 5тен бүтүрүүчү Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына акысыз окутулат. 25 студентти окутуу үчүн “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан шарттуу грант бөлүнүп берилет.

Президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облуста дарыгерлердин жетишсиздиги көп жылдан бери көйгөй жаратып келген. Бул маселени чечүү үчүн облус жетекчиси Алтынбек Эргешов 25 бүтүрүүчүнү И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан окутуу аракетин көрүп жатат.

"Медициналык академияга тапшыра тургандар жакшы окуган, жоопкерчиликтүү, жалпы республикалык тестирлөөдөн жакшы балл менен өткөн, эң негизгиси окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин Нарын облусуна дарыгер болуп кызмат кылууга каалоосу чоң жаштар болуусу керек.

Каржылап окутуу маселесинде студенттердин ата-энеси менен келишим түзүлөт. Эгер келишимдин шарттары бузулса, же окууну бүткөндөн кийин Нарынга иштебей койгон шартта төлөнгөн гранттык каражат кайтарылып алынат. Быйылкы окуу жылында 25 студент Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына окууга жиберилет. Кийинки жылдары студенттердин саны көбөйтүлөөрү күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Нарын облусунда 158 дарыгер жетишсиз.

Пикир

Оставить комментарий