• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарындагы индустриялык-логистикалык комплекс үчүн бөлүнгөн жер Кыргызстандын менчиги – Жээналиев

Коом 0


Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриялык-соода-логистикалык комплексин куруу пландалууда. Комплекстин курулушу үчүн 200 гектар жер бөлүнүп берилген. Анын курулушуна 7 жыл кетет. Учурда ал комплекстин курулушу боюнча эл ичинде ар кандай сөздөр айтылып, нааразы болгондор бар.

Ал индустриялык-соода-логистикалык комплекси боюнча "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин инвестицияларды тартуу жана бөлүмүнүн башчысы Жалын Жээналиев айтып берди.

Анын айтымында, комплекс үчүн жайыт жерлерин трансформациялоо боюнча 2017-жылы өкмөттүн токтому чыккан. Андан кийин өкмөттүн 2018-жылдын 12-сентябрдагы буйругу менен ал жер Нарын экономикалык аймагына берилген.

"Инвесторду издөө боюнча көп иштер аткарылды. Бирок алардан майнап чыккан жок. 2019-жылдын июнь айындагы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сапарынын алкагында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунда КР ишкерлери менен КЭР ишкерлеринин ортосунда келишимге кол коюлган. Ал келишимдин негизинде инвестициялык долбоорду ишке ашыруу иштери башталган. Келишимге ылайык жалпысынан 276 млн доллар инвестиция салынары каралган. Жалпысынан 15 миңге чейин жумушчу орун түзүлөрү күтүлүүдө", - деди ал.

Ал белгилегендей, 2019-жылы инвестор республиканын бюджетине 43 млн сом жана Ак-Талаа айыл өкмөтүнө 1,7 млн сом акча каражатын төлөгөн. Ал каражаттар токой жана айыл чарба жерлериндеги жоготуулардын ордун толтуруу үчүн берилген.

"Ал жер мамлекеттин менчиги, ал кытай бизнесмендерине берилип кеткен жок. 200 гектар жердин 176 гектары 49 жылга ижарага берилди", - деди ал.

Бул долбоордо "Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсы инвестор болууда. Анын негиздөөчүсү кытайлык Лю Ин, Ван Цзыюнь жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров болуп эсептелет.

Бул долбоор үчкө бөлүнгөн: индустриялык тармак, соода жана логистика тармагы.

Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Сопукеевдин айтымында, 200 гектар жерде баалуу кендер же тарыхый-маданий объекттер жок.

"2017-жылы жер трансформациядан өтүп жатканда Өнөр жай жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинде 200 гектар жерде кен байлыктары жок деген, андан тышкары, Маданият министрлигинен археологиялык баалуу буюмдар жок деген маалымат алынган", - деди ал.

Комплекс салына турган жер Ат-Башы районунун борборунан күн батышты көздөй 44 чакырым алыстыкта, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюнда, чек арадан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий