• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарындагы калың кар: Дайынсыз жоголгон 600 кой изделүүдө

Аймак 0

Бишекек, 25.05.18. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда 23-майда калың жааган кардын кесепетинен Ак-Сай өрөөнүндөгү Үч-Эмчек жайлоосунда Рысбек уулу Т. аттуу чабандын 800 баш кой-эчкиси жоголгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-майда чабан 200дөй кой-эчкисин таап, чогулткан.

КР ӨКМнин Ат-Башы райондук бөлүмүнүн башчысы жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы атайын унаалар менен жерине 65 түк чөп жүктөп чыгышып, “Кынды” чек ара заставасында түнөп калышкан.

25-майда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан калган малдардын жоголгондугу тууралуу маалыматты тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий