• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарындагы мал союучу жайларда жугуштуу оорулардын чыгуу коркунучу бар

Аймак 0

Бишкек, 02.04.18 /Кабар/. Нарын шаарында жайгашкан мал соючу жайлар жугуштуу оорулардын чыгып кетүү коркунучун жаратуу менен иш алып барууда. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамэкотехинспекциянын Нарын облусу боюнча региондор аралык башкармалыгы мал соючу жайлардын ишин көзөмөлдөө учурунда, Нарын шаарынын Ленин жана Сагымбай Орозбаков көчөлөрүндөгү мал союучу жайлар эч кандай санитардык көзөмөлсүз, союлган малдын терилери жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жакын жерге ташталып жаткандыгы аныкталды.

"Адистердин айтымында, мал соючу жайлардын чеке бели тосулуп, мал жандыктардын калдыктары атайын чункурларга көмүлүп, жок кылынуусу шарт. Мал союуда атайын мал дарыгери катышып, оң же терс корутундусун бериши керек. Бирок учурда Нарын шаарында жайгашкан мал соючу жайларынын бири дагы коопсуздук талаптырын сактабай, мыйзамдарды одоно бузуу менен иштеп, жарандардын өмүрүнө өтө чоң коркунуч туудуруп жатат. Буга байланыштуу Мамэкотехинспекциянын адистери тийиштүү мекемелерге мал соючу жайларды ирээттөө боюнча каттарды жиберишти. Өз кезегинде инспекторлор кооптуу абалда иштеп жаткан мал соючу жайлардын ишин дыкааттык менен текшерүүнү мерчемдөөдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий