• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарындагы Он-Арча суусуна түшүп кеткен кызды издөөгө 25 куткаруучу тартылды

Коом 0

Бишкек. 21.05.19 /Кабар/. Нарын районундагы Он-Арча суусуна түшүп кеткен 6 жашар кызды издөөгө 25 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-май күнү саат 20:00 чамаларында Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен.

Ошол күндөн тарта издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүн, 21-май күнү саат 09:30 издөө иштерин улантуу максатында 21 куткаруучу жана 4 суучул (водолаз) тартылган.

Издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий