• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарындагы үрөй учурган кырсыктан 2 адам каза болуп, он жүргүнчү жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жол кырсыгы катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-июлда болжол менен саат 09:20да Нарын-Баетов унаа жолунун 35-чакырымында (Үгүт айылы) "Тойота-Ипсум" жана "Нисан-Сефиро" үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 1965-жылкы Д.Т., жана 2018-жылкы Р. кызы А., каза болуп, 10 адам жабыркаган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий