• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарындагы саламаттыкты сактоо мекемелерине эл аралык уюмдар жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Нарын облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелерине зарыл болгон каражаттар менен камсыздоого эл аралык уюмдар жардам көрсөттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Штабдан маалымдашкандай, Ага Хан өнүктүрүү тармагынан 300 даана бир жолу колдонулуучу комбинезон, 100 даана көп жолу колдонулуучу комбинезон, 100 даана коргонуучу көз айнек, 600 даана респиратор, 1000 даана бахила, жалпы 880 миң сомдук коргонуучу каражаттар келди.

Ал эми Кытайдын Кызыл-Суу автономдук облусунан 30 миң даана беткап, 500 даана бир жолу колдонуучу кийимдер берилди.

Пикир

Оставить комментарий