• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарындагы селдин кесепетинен кийинки кырдаалды аныктоо боюнча үч комиссия түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Нарын шарындагы селдин кесепетинен кийинки кырдаалды аныктоо боюнча үч комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-июнда Жарандык коргонуунун башчысы, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жарандык коргонуунун мүчөлөрү менен чукул жыйналыш өткөрүп, 3 комиссия түздү.

Нарын шаардык мэриянын бирден кызматкери жооптуу болуп, шаарга тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери кошулуп үч аймакка (Көтөрмө, Чыргайлуу жана Айтматов) бөлүнүп, жабыр тарткан үйлөр, келтирилген зыянды аныктоо, жардам берүү, тартылган техника жана башкалар боюнча чара көрүү жаатында тапшырмаларды алышты.

Белгилей кетсек, кечээ Нарындагы нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин көчөлөрдү жана үйлөрдү суу каптаган.

Пикир

Оставить комментарий