• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарындагы төрөт үйүндө коронавирустун чыгуу себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия иш алып барууда - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Нарын облусундагы төрөт үйүндө коронавирустун чыгуу себептерин аныктоо үчүн бүгүнкү күндө атайын комиссия иш алып барууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова баштаган комиссия Нарындагы төрөт үйүндө коронавирустук инфекциянын чыгуу себептерин изилдөө үчүн жөнөп кетти.

“Каратаев жана Акматова ушул маселе боюнча иш алып барышат. Алар төрөт үйүнө инфекция кандай жол менен келгендигин аныкташат. Андан соң тиешелүү чечимдер кабыл алынат жана коронавирустун андан ары жайылуусуна бөгөт коюу максатында балким, төрөт үйүн башка жакка которуу дагы каралат”, - деп кошумчалады министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-майга карата коронавирус жуктурган 29 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1111ге жетти. Алардын ичинен 745 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий