• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарындагы тез курулуучу ооруканасынын курулуш иштери 55 пайызга бүткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Нарын шаарындагы тез курулуучу ооруканасынын курулуш иштери 55 пайызга бүткөрүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Оорукананын курулушу август айында башталган. Ал эми медициналык мекеме 70 орунга эсептелген. Курулуш башталгандан бери 45 млн сом акча каражаты каржыланды.

Подряддык уюм тарабынан жумуш жүргүзүлүп, оорукананын пайдубалы, гидроизоляциясы жана полду бетондоо жумуштары бүтүрүлдү. Андан сырткары, откананын калка тосмосу орнотулуп бүттү. Азыркы учурда дубалын пеноблок менен тургузуу, чатырын орнотуу, терезенин кашектерин орнотуу, дубалды сыртынан жылуулоо, суу түтүктөрүн орнотуу жумуштары аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий