• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарындагы жол кырсыгынан 18 жаштагы жаран башынан оор жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районундагы Эпкин айылында жол кырсыгы катталды,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-майда болжол менен саат 14:14 чамасында Кочкор – Жумгал унаа жолунун 40-чакырымында "Митцубиси" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, жол бойлоп бараткан адамды коюп кеткен.

Кырсыктын натыйжасында 18 жаштагы Т.К., атуу жаран башынан оор жаракат алып, Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий