• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарындагы жол кырсыгынан 6 адам жабыркады, алардын үчөө жаш балдар

Кырсык 0

Бишкек, 16.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жогорку ылдамдыкта бара жаткан “Хонда-Аккорд” унаасы “Зил-130” оору жүк ташуучу унааны барып сүзүп, андан соң, “Мерседес Бенц-230” үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен алты адам жабыркады, алардын үчөө жаш балдар.

Нарын облусунун ИИБнин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, жол кырсыгы 15-ноябрда болжол сенен саат 02:30 чамасында унаа жолдун 297-чакырымындагы “Кара-Үңкүр” капчыгайында болгон.

“25 жаштагы А.К., аттуу айдоочу Хонда-Аккорд” унаасы менен Нарын шаарына жогорку ылдамдыкта бара жатып, эки унаа менен кагылышкан”,-деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын кесепетинен “Хонданын” 19 жаштагы жана “Мерседес” унаасынын 12 жаштагы жүргүнчүлөрү облустук ооруканага жеткирилген. Ошондой эле, “Хонда” үлгүсүндөгү унаанын 44 жаштагы Т.Э., жана 13 жаштагы К.А., жана “Мерседестин” 44 жаштагы Т.Б., жана бир баштагы С.А., аттуу жүргүнчүлөрү ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалыматка караганда, кырсыктын себеби “Хонда-Аккорд” унаасынын айдоочу жогорку ылдамдыкта келе жатып, карама-каршы тилкеге чыгып кеткенден улам болгон.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий