• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарындагы жол кырсыгынан үч адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак айылында эки жеңил унаа кагылышып, натыйжада үч адам каза болду.

ӨКМден кабарлашкандай, кырсык кечээ, 30-майда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 250-чакырымында катталган. “Audi 100” жана ”Honda Fit” үлгүсүндөгү унаалар аталган жол тилкеде бара жатышып, болжол менен саат 20:40тар чамасында кагылышкан.

Кырсыктан 2 эркек жана 1 аял каза болгон. Жабыркаган алты жүргүнчү облустук ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий