• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарындан Бишкекке 21 медицина кызматкери келе жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Бүгүн Нарын облусунан Бишкек шаарындагы ооруканаларга көмөк көрсөтүү үчүн 21 медицина кызматкери жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында коронавирус илдети менен жабыркагандардын саны кескин көбөйүп кеткендигине байланыштуу дарыгерлер жетишсиз болууда.

"Эмчи айымдардын жардамчы тобу облустун бардык райондорунан жана Нарын шаарынан өз каалоолору менен кетишти. Буга чейин Нарын облусунда эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткенде Бишкек шаарынан да дарыгерлер жиберилгени белгилүү", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, аймактардан келген 100гө жакын ыктыярчы-дарыгерлер шаардык медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүшмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий