• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарындын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 26-октябрда болжол менен таңкы саат 07:51лер чамасында катталган.

Жер титирөө Нарын районунун Казан-Куйган, Оттук айылдарында 3 баллга жана Кызыл-Жылдыз айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий