• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарындын Ак-Жар айылындагы мектептин китепканасы 700дөн ашуун адабият менен толукталды

Аймак 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Ак-Жар айылында "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында окуучулар 700дөн ашык китеп чогултушкан. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, Ак-Жар орто мектебинин 11-классынын окуучусу Сезим Сыдыгалиева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, окуучулар чогулган китептерди айылдын жана мектептин китепканасына өткөрүп беришкен.

Иш-чаранын негизги максаты өспүрүмдөрдү жана айыл тургундарын китеп окууга үндөө. Уюштуруучулардын пикиринде, бул саамалык жарандардын китеп окуусуна стимул болот.

"Окуучулар иш-чараны былтыр жаз айларында өткөрүүнү пландап бирок, пандемиянын айынан өткөрүүгө мүмкүн болбой калган. Ошол кезден баштап окуучулар китеп чогултуп, талыкпай эмгектеништи. 2-марттагы болгон иш-чарага айыл тургундары, мугалимдер, аксакалдар, окуучулар жана Бишкектен келген коноктор Нуржигит Кадырбеков, Эрлан Смайл уулу, Эсен Жапаров, Доорон Кубатбек уулу жана башкалар катышып, жогорку деңгээлде өттү", - деп билдирди Сезим Сыдыгалиева.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын соңунда китеп жарманкеси уюштурулуп, каалоочулар китеп сатып алып, мектепке жана китепканага тапшырышкан.

Пикир

Оставить комментарий