• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарындын башчысы: Күз-кыш мезгилине даярдык башталды

Аймак 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Учурдагы кырдаалды эске алуу менен күз-кыш мезгилине даярдык башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, кышында жылытуу системасы жакшы, тиешелүү талаптарга жооп бере турган мекемелердин тизмесин түзүп, аларды даярдоо иштери жүрүүдө.

"Эпидемиологиялык абал мындан ары кандай болорун эч ким билбейт, ошондуктан кыш мезгилине карата даярдыктар катуу жүрүүдө. Кыш мезгилинде тиешелүү талаптарга жооп бере турган мекелердин тизмеси түзүлүүдө. Эгерде керек болуп калса, анда алардын имаратынын базасында күндүзгү, түнкү стацинар же болбосо ооруканалардын филиалы катары госпиталь ачуу боюнча иштер жүрүүдө", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий