• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарындын вице-мэри шаар аймагындагы ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Жунусов жана Нарын шаарынын прокурору Манас Акматалиев шаар аймагындагы ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тармакта жаралып жаткан маселелер талкууга алынып, ишкердик үчүн жаралып жаткан тоскоолдуктарды чечүү жана колдоого алуу боюнча жүрүп жаткан иштер менен тааныштырышты.

КР президентинин “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо” жөнүндөгү жарлыгын аткарууга алуу менен бизнес коомчулугуна арналган жеңилдиктерди, колдоолорду коргоо максатында журүп жаткан иштер айтылып, негизсиз текшерүүлөрдү жүргүзбөө, 18 айга пайызсыз насыяларды ашыкча тоскоолдуктарсыз берүү, COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризисте чакан жана орто ишканаларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү тапшырылды.

Бүгүнкү күндө Нарын шаарында Айыл-Банк, РСК, Бакай Банк, Дос Кредо, Керемет Банк, Кыргызстан банктарында ишкерлер үчүн пайызсыз насыялар берилип жатат. Нарын шаары боюнча 18 ишкер жеңилдетилген насыя алышкан.

Жыйында банк кызматкерлери да ишкерлерге насыя алуу боюнча кеңештерин беришти.

Пикир

Оставить комментарий