• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарындын Бугучу айылындагы мектептин курулушу 90%га бүтүп калды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Бугучу айылындагы 150 орунга эсептелген жаңы мектептин курулуш иштеринин көлөмү 90%ды түзөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда подряддык уюм тарабынан керектүү курулуш-монтаждоо иштери аткарылган. Аймактардын ички жасалгалары, тышкы келбети жана абаттуулугу боюнча жумуштар бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, аталган билим берүү объектилеринин сметалык наркы 690 063 АКШ долларын түзөт, алардын ичинен Сауд Өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынын эсебинен 493 324 АКШ доллары каржыланды.

Мектептин курулуш иштери быйыл жазда бүтүшү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий