• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарындын Дѳбѳлү айылында 50 орундуу бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Нарын облусундагы Нарын районунун Дѳбѳлү айылында 50 орундуу бала бакчанын ачылышы болду. Бул тууралуу КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) билдирет.

Маалыматка ылайык, бала бакча КР министрлер кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын каржылоосунда АРИС тарабынан ишке ашырылган Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору тарабынан курулган.

Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, АРИСтин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев, агенттиктин аймактык өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Дөбөлү айылында 210 жеткинчек бала бакчага баруу үчүн каттоодо турган. Бирок анын ичинен 75и гана иштеп жаткан бала бакчага барган. Мындан улам, бала бакча куруу муктаждыгы курч болчу.

Жаңы курулган бала бакчада оюн аянтчасы, кѳрктѳндүрүү жана жашылдандыруу иштери каралган.

Объекттин жалпы наркы 18 358 590 сом, анын ичинен донор бөлгөн каражат - 17 706 915 сом, ал эми жергиликтүү коомчулуктун ѳздүк салымы 651 675 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий