• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Нарындын эки тургуну “Йакын Инкар” диний-экстремисттик уюмунан чыкты

Укук тартиби 0


Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Нарын облусунун эки тургуну “Йакын Инкар” диний-экстремисттик уюмунан чыкты.

УКМКдан билдиришкендей, Т.Ж.Ж., жана М.Т.К., аттуу жарандар “Йакын Инкар” диний-экстремистик агымынын радикалдык идеяларын жергиликтүү эл арасында тараткан. Андан тышкары, жаңы мүчөлөрдү “Йакын Инкар” агымынын жер-жерлердеги түзүмдөрүнө мүчө катары тартышканы аныкталган.

Профилактикалык иштер жүргүзүлгөндөн кийин ал адамдар өз каалоолору менен уюмдан чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий