• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарындын жаңы жетекчиси облустун кышка даярдыгы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек. 05.07.22. /Кабар/. КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов кышка даярдык боюнча штабдын кезектеги отурумун өткөрүп, облустун кыш мезгилине даярдыгынын абалы менен таанышты.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга облустук жана райондук штабдын мүчөлөрү, райондордун акимдери, тиешелүү мекеме жетекчилери катышты.

Отурумда кышка даярдык иштер ыйгарым укуктуу өкүлдүн үстүбүздөгү жылдын 24-майындагы буйругунун негизинде жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалымат берилди.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов райондордун, шаардын жетекчилерин угуп, Нарын шаарындагы жылуулук берүү ишканасынын ишмердүүлүгүнө маани берип, кыштан элди үшүтпөй алып чыгуу тапшырмасын берди. Ишкананын абалын жеринде көрөөрүн кошумчалады.

Жыйында 15-июлга чейин келишимдерди бүтүрүп, 15-сентябрга чейин бюджеттик мекемелерге көмүр тартып бүткөрүү милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий