• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарындын жайлоосунда калып калган 10 чабан куткарылууда – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунда 10-сентябрь күнү аба ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Ой-Гайын жайлоосунда калып калган чабандар куткарылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

11-сентябрь күнү атайын түзүлгөн ыкчам топ 1 чабанды мал жандыктары менен Байзак айылына аман-эсен түшүрүшкөн. 12-сентябрь күнү калган чабандарды көчүрүп келүү максатында ыкчам топ тартылып, 3 чабанды 2100 баш кой, 13 ийри мүйүүздү малдары менен аман-эсен күрткүдөн өткөрүшкөн.

Жалпы облус боюнча 2100 баш кой, 13 ийри мүйүүздү мал түшүрүлгөн. Бирок 3 жылкы 1 баш уй өлгөн.

Куткаруу иштерине 5 куткаруучу, айыл аймактан 5 кызматкер, ИИМден 4 кызматкер, тез жардам кызматынан 2 кызматкер, ветеринардык станциясынан 1 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.

Пикир

Оставить комментарий