• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарындын Жерге-Тал айылында 50 орундуу бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылында 50 орундуу бала бакчанын ачылышы болду. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакча АРИСтин Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору тарабынан курулган.

Иш-чарага Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров, АРИСтин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев, агенттиктин аймактык өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Айылда бала бакчанын жоктугунан, жергиликтүү калк жеке менчик үйдү ижарага алып, бала бакча уюштурууга макул болгон. Бирок, уктоочу бѳлмѳлѳргѳ керебеттер батпай, санитардык абал, ѳрт коопсуздук эрежелери талапка жооп берчү эмес.

Эми, жеткинчектер бардык керектүү эмерек, техника жана жабдуулар менен жабдылган бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүн алды. Бала бакчада оюн аянтчасы, кѳрктѳндүрүү жана жашылдандыруу иштери каралган. Курулуштун жалпы аянты 452 чарчы метрди түзөт.

Объекттин жалпы суммасы 17 399 330 сом. Анын ичинен, донор бѳлгѳн каражат 16 703 357 сом, ал эми коомчулуктун ѳздүк салымы 695 973 сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий