• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нарындын жетекчилигине сөгүш жарыяланды, облустук медициналык мекемелердин башчыларын иштен алуу сунушу киргизилди

COVID - 19 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго, анын биринчи орун басары Касен Асизовго сөгүш жарыяланды. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ишти жетишсиз деңгээлде жүргүзгөндүгү үчүн Республикалык ыкчам штабдын сунушу менен тийиштүү чечимди Премьер-министр кабыл алды.

Ошондой эле Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык блокту тескеген орун басарынын кызмат ордуна ылайык келүү маселесин карап чыгуу сунушталды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мындан тышкары Республикалык штаб Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Нарын облустук ооруканасынын директору Айбек Койчумановдун, анын орун басары Анара Калманбетованын, ошондой эле облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Муратбек Алияскаровдордун ээлеген кызмат ордуларына ылайык келүү маселесин карап чыгуу сунушун берди.

«Нарын облусундагы эпидемиологиялык абал боюнча статистика дурус эмес, жалпысынан 297 учур аныкталса, анын ичинде 17си жаңы катталды. Нарын облусунда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны Ош жана Жалал-Абад облусуна салыштырмалуу жогору. Эгерде облустун жетекчилиги тийиштүү бүтүмдөрдү чыгарбаса жана абалды жакшыртпаса, анда тиешелүү чечим кабыл алынат. Эпидемиологиялык абалды оңдоо үчүн облустун бардык мүмкүнчүлүгү бар болчу. Облустук төрөт үйүндө кырдаалды жакшырткан жоксуңар. Жаңы көз жарган аялдар ооруканадан чыгып кетүүгө аракет кылган учурларга жол берилди. Облус жетекчилиги толук киришпей, абалга тийиштүү көңүл бурбай койгон, ошондуктан бүгүнкүдөй начар статистиканы көрүп турабыз. Мунун бардыгы жетишсиз иштин, зарыл болгон ыкчам чечимдерди өз убагында кабыл албоонун, жагдайга карата талаптагыдай көзөмөлдүн жоктугунан болуп жатат. Буга жол бербеш керек!», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аймакта коронавирустун жайылышынын алдын алууда кемчиликтер кеткенин, айрым, анын ичинде кадрдык жана башкаруучулук маселелерди чечүүдөгү иштин жетишсиздигин мойнуна алды.

Пикир

Оставить комментарий