• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарынга 2 троллейбус жана 2 таштанды жыйноочу техника тапшырылды (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 02.10.2017. /Кабар/. Бүгүн, 2-октябрда Президенттин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсуна 2 троллейбустун жана «Таза-Нарын» ишканасына 2 таштанды жыйноочу техниканын ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Маалыматка ылайык, М.Абулгазиев калкты тейлөө жаатында жакшы жаңылыктар болуп жатканын белгилеп, шаар тургундарын техникалардын келиши менен куттуктады.

“Техникаларга муктаждык боюнча кайрылуу келип түшкөндө дароо Бишкек шаардык мэриясы менен сүйлөшүп, троллейбус, таштанды жыйноочу машиналарды алдык. Өлкө башчы 3 млн сом бөлүп берип,техникалардын абалын жакшыртып, элдин кызматына өткөрүп берүүдөбүз. Эми жаштарга, карыларга шаар ичинде жол жүрүүгө жеңилдик болот. Аны менен бирге коомдук транспортто өзүн алып жүрүү маданиятын жакшыртууга мүмкүнчүлүк пайда болду деген ойдомун”,-деди М.Абулгазиев.

Ошондой эле, өлкө башчы А.Атамбаев акталаалык 3 эм төрөлгөн көп балалуу үй-бүлөгө Баетов айылынан короо-жайы, 2 уй, 10 кой менен үй алып берип, 20-сентябрда тамдын ачкычы тапшырылганын маалымдады.

40 жылдан бери биринчи ирет ремонт иштери жүрүп жаткан М.Рыскулов атындагы облустук академиялык драма театрына бул убакка чейин 37 млн сом бөлүнгөн болсо, эмеректерине кошумча 10 млн сом бөлүнгөнүн жана майыптар коомунун кайрылуусунун негизинде майыптар үчүн турак-жай курулуп берилээрин айтты. Мындан тышкары, Кочкор районундагы Сагымбай Орозбаковдун күмбөзүнө 4 млн сом, маданият үйүнүн ремонтуна 10 млн сом бөлүнгөнүн бирдирди.

Дубан башчысы А.Кайыпов облус боюнча 30дан ашык социалдык объектилер курулуп жатканын билдирип, аны менен катар, элдин камын көрүп, көйгөйлүү маселелерди чечип берип жатканы үчүн өлкө башчысы А.Атамбаевге теңиртоолуктардын атынан ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий