• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарынга келген лабораториядан күнүнө 70ке жакын анализ изилденүүдө - Асаналиев

Аймак 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Нарынга келген лабораториядан күнүнө 70ке жакын анализ изилденүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун орун басары Самат Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунда илдетти жуктургандардын жалпы саны 83 жаранды түзөт.

"Илдетти жуктурган басымдуу бейтаптардын абалы канааттандырарлык, жеңил түрдө өтүүдө. Дары-дармектер жетиштүү, ооруканалар вируска каршы дарылар менен камсыздалышкан. Ал эми жакында келген лабораториядан анализдердин жыйынтыгын чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү", - дейт ал.

Асаналиев маалымдагандай, лабораторияда жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгы бир күн ичинде чыгат.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий