• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарынга коронавирус менен күрөшүүгө дарыгерлерден турган эки топ жөнөп кетти

Аймак 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Нарынга коронавирус менен күрөшүүгө дарыгерлерден турган эки топ жөнөп кетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусуна нейрохирург, эпидемиолог, балдар инфекционисти жана кардиолог дарыгерлеринен турган эки топ жөнөтүлдү. Өз каалоосу менен кеткен дарыгерлер Ат-Башы жана Жумгал райондорундагы кесиптештерине жардам беришмекчи.

Эскерте кетсек, аймактарга ушуну менен 7-8 дарыгерлердин тобу жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 506га жетти. Алардын ичинен 116сы медицина кызматкерлери. Коронавирустан 130 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий