• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарынга Оштон 1,5 миң түп арча көчөтү алынып келип, отургузула баштады

Аймак 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/ Нарын шаарына Ош облусунан 1,5 миң түп арча көчөтү алынып келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун питомнигинен алынган арчалар шаардын 64-аймагындагы Ынтымак аллеясынын айланасынан баштап отургузулууда.

Мэриядан белгилешкендей, көчөттөр демөөрчүлөрдүн эсебинен түшкөн каражатка алынды.

"Жеринде 800 сомго бааланган көчөттөр Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин сүйлөшүүсү менен 400 сомго бааланып алып келинди", - деп кошумчалашты муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий