• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

NASA аба таксилерин сыноодо

Дүйнө 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. АКШнын аэрокосмостук башкармалыгы (NASA) уча турган таксилерди сынактан өткөрө баштады.

Joby аба таксисин Advanced Air Mobility (ААМ) улуттук компаниясы жасап чыгарган. Ал эки учкуч менен төрт жүргүнчүгө ылайыкташтырылган. Саатына ылдамдыгы 320 чакырымга чейин жетет, бир жолку кубат менен 240 чакырымга чейин уча алат. AMM 2023-2024-жылдарга карата Joby таксилерин активдүү түрдө колдонууну пландоодо.

Аба таксисин жасагандар анын үнү кадимки тик учакка караганда 100 эсеге азыраак чыгарын билдиришүүдө.

Сыноо учурунда эң биринчилерден болуп таксинин коопсуздугу текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий