• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

NASA агенттиги Күндү изилдөө үчүн Parker зондун учурду

Дүйнө 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Америкалык NASA космос агенттиги 12-августта Күндү изилдөө үчүн Parker илимий зондун учурганын билдирди. Ал космоско Флорида штатындагы Канаверал булуңунан Delta IV Heavy деп аталган ракета алып жүрүүчү кеме менен жөнөтүлдү.

Delta IV Heavy – Falcon 9 Heavy ракета алып жүрүүчүсүнөн кийинки дүйнөдөгү эң кубаттуу кеме болуп эсептелет. Илимий зонддун көлөмү анча чоң эмес автоунаа менен тең жана салмагы 650 килограммды түзөт. Күн миссиясын аткарууда анын ылдамдыгы саатына 700 миң чакырымга чейин жетип, тарыхтагы эң тез космос аппараты болуп калат.

10 жыл даярдалган миссияны космоско 11-августта учуруу пландалган. Бирок бир нече майда мүчүлүштүктөр аныкталгандыктан, аны учурууну бир суткага жылдырууга туура келген. «Паркер» аппараты белгиленген жерге 2024-жылы жетиши керек. Ал күнгө алты миллион чакырымга чейин жакындайт. Буга чейин күнгө бир дагы космос аппараты мынчалык жакын учуп барган эмес.

Күндүн жарык таратуусун жана күн шамалын изилдөө быйыл декабрда башталат.

Parker миссиясы – НАСАнын көзү тирүү адамдын атынан аталган алгачкы экспедициясы. 91 жаштагы окумуштуу Юджин Паркер Күн физикасы боюнча адис. Ал 1958-жылы алгачкы болуп күн шамалынын бар экенин айткан.

Пикир

Оставить комментарий