Насирбек Алмаматов Интерпол аркылуу издөөгө жарыяланышы мүмкүн

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов Интерпол аркылуу издөөгө жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Октябрь райондук ИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Алмаматовду эл аралык издөөгө жарыялоо боюнча тиешелүү документтер Интерполго жөнөтүлгөн. Андан тышкары, ал КМШ аймагында мамлекет аралык издөө жарыяланат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык унааларды каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насырбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Тергөө билдиргендей, ал унаа каражаттарын каттоо жана кайра каттоодо коррупциялык схема түзгөн. 2019-жылдын март айында райондук сот аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, июль айында шаардык сот өкүмдү өзгөртүп, ага 3,3 млн сом айып салып, камактан бошоткон. Кийин Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, биринчи инстанциядагы соттун 12,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган. Учурда ал издөөгө алынган.

Пикир

Оставить комментарий