• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Насирдинов Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Улуттук статистика комитетинде кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Статкомдун расмий сайтында маалымдалгандай, президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Самат Насирдинов Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Президенттин башка тескемесине ылайык, Николай Чуйков Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Эске сала кетсек, Самат Насирдинов ушул жылдын февралынан 9-декабрга чейин Улуттук статистика комитетин жетектеген.

Пикир

Оставить комментарий