• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Насыя алып жатканда эмнелерге көңүл бөлүү керек? Адис жооп берет

Экономика 0

Насыя же элдин кулагына терең сиңген «кредит» деген түшүнүк коомдо кеңири тараган. Улуттук банк берген сандык статистикага таянсак, Кыргызстанда калктын 87,5% ар кандай насыяларды алышат. Улуттук Банктын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Эмир Бообеков насыя алуунун жол –жоболору жана көйгөй жаралганда эмне кылуу керектиги тууралуу айтып берди.

Насыя кимдерге берилет?

Насыя - атайын насыя берүүчү уюмдар тарабынын зайымчыга аныкталган мөөнөткө пайыздарды төлөө талабы менен берилүүчү акча каражат. Бирок насыяны каалаган эле адам ала албайт, себеби анын шарттары бар:

Биринчиден – жашы жеткен жаран болуусу керек. Экинчиден – кардардын иштеп жаткан жеринен айлык акы тууралуу жана кирешесин тастыктаган маалым кат зарыл болот. Үчүнчүдөн - банктар бүгүнкү күндө зайымчынын насыялык тарыхына көңүл бурушат.

Кардардын насыя тарыхы

Жарандар мурдатан башка банктан насыя алып, аны кечиктирип төлөп же төлөбөй, банк менен кардардын ортосундагы келишимдин шарттарын бузуп жүрсө, анда ал кардар тууралуу насыялык атайын бюрого маалымат жөнөтүлөт. Анын негизинде насыя тарыхы бузулган кардарга банктар насыя берүүдөн баш тартат. Ошол себептен кийин да насыя алуу оюнда бар жарандар өзүнүн насыя тарыхын таза сактап, банк тарабынан көрсөтүлгөн талаптарды так аткаруусу зарыл.

Насыя алуунун жолдору жана ыкмалары...

Ар кандай мамлекеттик банктарбы же менчик банк экендигине карабастан бардыгы тең Улуттук банктан атайын күбөлүк алышат. Анын негизинде КР Банк жана банк иштери мыйзамдарынын талаптарын чегинде иштешет.

Насыянын шарттары жана ыкмаларына токтоло кетсек, алгач кардар өз мүмкүнчүлүгүн баалап билүүсү керек. Эл алган каражатын максаттуу пайдалануусу шарт. Насыя алардан мурда бирөө сунуштанган эле банкка барып аны ала койбош керек. Алгач бардык банктарды кыдырып алардын насыя үстөк пайыздарын дыкаттык менен салыштырып көрүңүз. Азыркы учурда Улуттук банк иштеп чыккан насыялар тууралуу нагизги маалымат баракчасы бар. Анда бир үлгүдөгү баракчада сиз сурап жаткан насыянын суммасы ага коюлган пайыздык чендер жана комиссия, тарифтери толук жазылат. Андан сырткары зайымчынын да укуктары көрсөтүлгөн. Андыктан, бардык банктардын насыя маалыматы бир баракчага тиркелген ыңгайлуу курал колуңузда болот. Салыштырып көрүп ,андан соң чечим чыгырганыңыз жакшы.

Максатыңызды аныктап алыңыз

Бизде максатсыз насыя алуу абдан кеңири жайылып кетти. Көпчүлүк учурда алынган каражаттар тойлорго жумшалат. Керектөөчү насыялардын пайыздык ченемдери көбүрөөк болот. Анткени аларга суроо- талап чоң. Мисалы, үйгө керектүү эмеректерди алсаңыз, алардын пайыздык чени 25 же 30% болушу мүмкүн. Турак -жай сатып алуучуларга пайызы азыраак жана кайтарып берүү мөөнөтү да узагыраак болот. Канчалык чоң суммадагы насыя алсаңыз, ошончолук пайыздык эсеби төмөндөйт.

Үй мүлкүнөн ажыраган кардарлар

Насыялык келишимге кол коюлган учурда , алгач кардар насыялык келишимдин жана күрөөгө коюу боюнча келишимдин шарттарын бузбоосу керек. Ага ылайык өз мүмкүнчүлүгүңүздү дагы бир ирет баалап көрүп, андан соң банк менен макулдашып кол коюңуз.

Эгерде насыя алгандан кийин каржылык жактан орчундуу маселе жаралып төлөй албай жатсаңыз банктан качпастан, тескерисинче зайымчы насыя алган мекемеге кайрылып, шартыңызды жана убактылуу талаптарыңызды билдирүүңүз керек. Мындай кырдаалда насыя боюнча көзөмөлдөп турган адис менен келишип, пайыздык ченди кыскартуу же мөөнөттү узартуу сыяктуу орток мамиле түзүп алса болот. Алар кандай учур болбосун, өз кардарларынын суроо жана талаптарын аткарууга милдеттүү.

Булагы: Саресеп

Пикир

Оставить комментарий