• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Наталья Мухина: Окутуучу мобилдик тиркемелер билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет

Коом 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Кыргызстандагы угуусу жабыркаган балдарды окутуу үчүн атайы мектептерде эки тилдүү «Дилгирим» мобилдик тиркемеси колдонулуп жатат. Бул санариптик инструмент өзгөчө балдарга кыргыз жана орус тилдеринде жеңил жана кызыктуу формада окуганга мүмкүнчүлүк берет. Окутуу процессинде ушул тиркемени пайдалануунун бардык артыкчылыктары жана анын билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуудагы потенциалы тууралуу КР Угуусу чектелген балдар үчүн атайы жалпы билим берүү жатак-мектебинин баштапкы класстарынын мугалими Мухина Наталья Васильевна айтып берди.

- Саламатсызбы, Наталья Васильевна, айтыңызчы, угуусу жабыркаган балдар күнүмдүк жашоодо кандай көйгөйлөргө дуушар болушат? Аларды коомчулукта кандай кабыл алышат, алардын айланадагылар менен пикир алышуусуна коммуникациялык тоскоолдуктар канчалык жолтоо болот?

- Дени сак бала сүйлөй электе эле айланадагылардын сүйлөгөндөрүн кабыл алат жана аны түшүнөт. Бул бир жашка чейин болот. Ал эми кулагы укпаган бала мындай мүмкүнчүлүктөн ажыратылган. Кулагы уккан балдар 2 жашка чейин же андан кийин сөздөрдү айта башташат, толугу менен укпагандар 7 жашында гана өздөрүнүн биринчи сөздөрүн айта башташат. Бул убакка чейин сүйлөөсү өнүкпөйт. Ошентип кадимки жана өзгөчө балдардын ортосунда аябагандай чоң айырмачылык бар. Эгерде бала угуусунан ажыраган болсо, анда тили чыкпайт, ал эми тили чыкпаса ой жүгүртүү дагы жок. Аларда кайсы бир тиричилик деңгээлинде көрсөтмөлүү-образдуу кабыл алуу гана бар. Албетте, бул болуп көрбөгөндөй айырмачылык.

Угуусу жабыркаган адамдардын биздикине паралеллдүү өзүнүн өзгөчөлөнгөн дүйнөсү бар. Бул дүйнөлөр кесилише албайт. Биздин коом кулагы укпагандарга сактануу менен мамиле кылышат, адамдар аларга кандай мамиле жасашты билишпейт. Алар балким андай адамдар менен пикир алышууну каалашат, аларды аяшат, бирок алар менен кантип сүйлөшүүнү билишпейт.

Угуусу жабыркаган бала али кичине кезинде өзүнүн абалын түшүнбөйт, ал эми чоңоюп жана түшүнө баштаганда уялып, түнт боло баштайт, тартынчаактык пайда болот. Бул жерде мындай балдарды колдоо жана аларга жардам берүү керек. Биздин мектептин башкы милдети – балага мүмкүн болушунча тезирээк жана чоң көлөмдө сөз корун берүү, толук баалуу пикир алышуу үчүн сөздөрдү айтууга, грамматикага үйрөтүү. Анткени балдар биздин мектепке келгенде аларда эч кандай сөз кору жок болот, сабактардан кийин гана алар өздөрүнүн өмүрүндөгү алгачкы сөздөрүн айта башташат.

- Мага белгилүү болгондой, силер буга чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) балдарды окутуу үчүн мобилдик тиркемелерди колдонуп келгенсиңер, бирок «Дилгирим» - бул орус тилинен тышкары кыргыз тилинде дагы иштелип чыккан мобилдик тиркеме. Анын потенциалы, актуалдуулугу, анын эки тилде иштелип чыккандыгынын артыкчылыгы эмнеде экендиги тууралуу айтып бериңизчи?

- Мындай жаңылык чоң мааниге ээ. Бул тиркеменин потенциалы балдарды окутуу процессинде, сөз корун топтоодо, пикир алышууда тоскоолдуктарды жеңүүдө баа жеткис. Кайсы гана болбосун ушул сыяктуу санариптик инструмент абдан баалуу, анын үстүнө тиркеме эки тилдүү. Анткени биздин өлкө эки тилдүү жана калктын басымдуу бөлүгү – бул түпкү улуттун өкүлдөрү. Элестетип көрүңүзчү, кыргыз тилинде гана сүйлөгөн үй-бүлөлөрдө пикир алышууда кандай көйгөйлөр келип чыгат? Ал эми балдар болсо орус тилинде окушат. Алар бири-бирин толук баалуу түшүнө алышпайт. Эми ушул тиркеменин жардамы менен ата-энелер жана балдар чогуу окуй алышат.

- Сиздин педагог катары көз карашыңызда, окутуу процессинде пайдалануу үчүн ушул тиркеме канчалык жөнөкөй жана ыңгайлуу?

- Менимче, бул тиркеме абдан түшүнүктүү жана жеткиликтүү. Балдар азыр колдорунан телефондорун түшүрбөйт, аны оңой башкарышат, ошондуктан алар ушул тиркемени дагы оңой түшүнүшөт. Андагы тапшырмалар оюн форматында, бул дагы балдарды кызыктырат, анткени бир күн боюу окуу абдан кыйын, бул жерде болсо алар окутуу процессинде ойной алышат, алаксышат, бул аларга жагат. Анын үстүнө жөн эле отуруп жана түшүнүксүз оюндарды ойногондон көрө, ушул сыяктуу билим берүүчү оюндарды ойногон жакшы эмеспи. Бул балдарга пайда алып келет.

- Угуусу жабыркаган балдардын ата-энелери ушул сан ариптик инструмент тууралуу кандай пикирлерин айтып жатышат? Ал балдардын өздөрүнө жагабы?

- Ата-энелер албетте, жакшы кабыл алышты. Алдыда жайкы каникулдар турат. Адатта үйгө кеткенде балдар мектепте өткөндөрдү унутуп калышат. Ал эми «Дилгиримдин» жардамы менен алар окуу материалын үйдөн кайталай алышат. Ата-энелер дагы кызыгууларын билдиришет жана ушул тиркеме боюнча балдары менен чогуу окушат. Бул дагы бир жакшы жагы, анткени ушундай биргелешкен сабактар балдарды жана ата-энелерди жакындаштырат, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн бириктирет.

Балдар тууралуу айтсак, аларга тиркеме жакты, өзгөчө аны чоңураак балдар баалашты. Биз ушундай санариптик инструменттердин жардамы менен биз билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнө көбүрөөк ээ болобуз деп ишенебиз.

- Наталья Васильевна, сизге маек куруп бергениңиз жана эмгегиңиз үчүн рахмат! Өмүрүңүздүн ушунча жылын көңүл бурууга, камкордукка жана окутууга өзгөчө муктаж болгон балдарга арнаганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

- Мен дагы сизге жана ушул тиркемени, ушул сыяктуу санариптик инструменттерди түзгөндөргө ыраазычылык билдирип кетким келет, анткени алардын жардамы менен кулагы укпаган балдар уккандардын дүйнөсүнө жакындайт. Бизге, биздин балдарыбыздын көйгөйлөрүнө көңүл бурганыңыздар абдан жагымдуу. Анткени биз бардык эшиктерди каккылап, бирок дайыма эле жооп ала бербейбиз. Силер тараптан болгон мындай жардам баа жеткис, мен жана менин кесиптештерим сиздерге ыраазыбыз!

Маалымат үчүн:

Кыргызстанда эки тилдүү «Дилгирим» тиркемеси иштелип чыккан, аны Google Play жа App Store кызматынан көчүрүп алууга болот. Ал 1-класс үчүн сөз өстүрүү боюнча сүрөттүү китепчеден турат. Тиркеме КРдагы БУУӨПтүн колдоосу астында «Technoland» Коомдук фонду тарабынан иштелип чыккан жана “Inno4KG ачык инновацияларына чакырык” программасы боюнча ишке ашырылган “Угуусу жабыркаган балдарды сан ариптик окутуу системаларына тартуу” долбоорунун уландысы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий