• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Navruz Cup 2022: Бүгүн кыргызстандык футболчулар Өзбекстандын курамасы менен оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 25.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 25-мартта Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Navruz Cup 2022 эл аралык мелдешинин алкагында Өзбекстандын командасы менен оюн өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Турнир 25-29-март күндөрү Наманган шаарында болуп, ага Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан жана Уганданын командалары катышууда.

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө Кыргызстандын курама командасы жарым финалда Өзбекстандын оюнчулары менен беттешет.

Ал эми Уганда-Тажикстан оюну Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.

Белгилей кетсек, мелдештин жобосуна ылайык, командалар плей-офф баскычында кез келип, жарым финалдык беттештер ойнолот. Жеңген командалар финалда, жеңилгендер үчүнчү орун үчүн беттеште кез келишет.

Пикир

Оставить комментарий